• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Ошто 350 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Ошто 350 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жер тилкелер муниципалдык чөйрөдөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында кайтарылган.

2001-жылдын 31-июлунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Лима-Текс" ЖЧКсына (азыркы "Ак-Текс" ЖЧКсынын ээси) Ош шаарынын Привокзальная көчөсү, №101 "А" дареги боюнча жайгашкан 2,83 гектар жер тилкеси убактылуу колдонууга берилген.

Ош облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы УКМКнын 2023-жылдын 15-ноябрындагы материалдарынын негизинде Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген апелляциялык даттануусун карап, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирди.

Баалоо корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин баасы кылмыш жасоо учурунда 350 миллион сомду түзгөн, бирок азыркы учурда базар баасы боюнча 800 млн сомго жетиши мүмкүн.

УКМК жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий