• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайсы азык-түлүктөрдүн бааларына мамлекет тарабынан көзөмөл жүргүзүлүүдө? – Монополияга каршы агенттиктин жообу

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров кайсы азык-түлүктөрдүн бааларына мамлекет тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп жатканын айтып берди.

Ал белгилегендей, өкмөттүн март айындагы токтому менен социалдык жактан маанилүү товарларга мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген.

"Анын негизинде социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөргө чекене сатуудагы баалардын жогорку чеги белгиленген. Алардын ичинде ундун 1 жана 2-сортуна баалар коюлган. Буга жогорку сорттогу ун кирбейт. Ошондой эле баалар өсүмдүк майы, бөлкө нан, макарон азыктарына, кумшекер, сүт, жумуртка, май, эттин түрлөрү – уй, кой чочко эти, картошкага баалар белгиленген. Белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча Монополияга каршы агенттиктин аймактык бөлүмдөрү Салык кызматынын, Каржы полициясынын кызматкерлери менен биргеликте иштерди жүргүзүп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий