• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тамчылатып суугаруу ыкмасы менен пахта өстүрүү канчалык натыйжалуу?

Экономика 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги тамчылатып суугаруу ыкмасы менен пахта өстүрүүнүн натыйжалуулугу боюнча маалымат берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, 2023-жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Адыр айылына жалпы аянты 22 гектар жерге кытайлык адистер менен биргеликте тамчылатып сугаруу ыкмасы менен пахта эгилген.

Адистер айыл чарба изилдөө иштерине таянып, 120-150 кг минералдык жер семирткичти тамчылатып суугаруу аркылуу берүү менен 60% пайызга үнөмдөй алышты. Маселен жөнөкөй дыйкан бул учурда 400-500 кг жер семирткич коротот.

"Ал эми вегетациялык суугаруу мезгилинде 1 гектар жерге 800-1200 куб метр суу сарпталып, суугаруу убактысы үч суткага созулуп, сугат сууну 65%га үнөмдөөгө жардам берген. Дыйкан 1 гектар жерге 400-500 куб метр суу сарптап, суугаруу убактысы 10 саатка созулмак", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, тамчылатып сугаруу системасы суу ресурстарын үнөмдөө менен сууну натыйжалуу пайдаланууга, ашыкча чыгымдарды азайтууга жана түшүмдүн экологиялык жактан туруктуу өнүгүүсүнө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий