• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Айдана Мусакулова изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Мусакулова Айдана Арстанбековнага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 31-майында Сокулук айылынын Северная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, орто дене түзүлүштө, кара-тору, чачы кара узун, кой көз.

Кийимдери: үстүндө көк түстөгү футболка, кара түстөгү шым, ак түстөгү спорттук бут кийим.

“Айдана Мусакулова кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0701 80 18 03 (издөө тобу)”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий