• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда 5,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 06.01.24. /Кабар/. Аламүдүн районунда 5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Аламүдүн райондун прокуратурасынын жазма буйругунун негизинде Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө жана үчүнчү жактарга аукциондун жыйынтыгын жараксыз деп табуу жана жокко чыгаруу жөнүндө сот органдарына доо арыз менен кайрылган.

Анткени Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылына жакын жайгашкан 0,18 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө 180 миң сомго сатылып кеткен. Көз карандысыз баалоо боюнча, аталган жер тилкесин ээликтен ажыратуу менен учурдагы рыноктук баасы 5 млн 466 миң 112 сомду түзгөн. Тактап айтканда, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын кылмыштуу аракеттеринин негизинде мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошентип, Жогорку соттун 2024-жылдын 25-январындагы чечими менен Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын доо арыздары толугу менен канааттандырылды.

Белгиленгендей, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы прокуратура жана башка укук коргоо органдары менен биргеликте жер участокторун мыйзамсыз берүүгө байланышкан жана коомдук, мамлекеттик кызыкчылыктарга атайлап каршы келген аракеттерге, анын ичинде сот органдарына кайрылуу жолу менен бөгөт коюу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий