• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакай-Ата районундагы үч мектепке заманбап жабдуулар жана окуу китептери тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 06.01.24. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы үч мектепке заманбап жабдуулар жана окуу китептери тапшырылды.

Парламенттен билдиришкендей, депутат Русланбек Жакышов Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан каралган каражатка алынган компьютер жабдууларын жана китептерди Маданият айылында жайгашкан Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебине, Үч-Эмчек айылындагы Бердике уулу Нарикбай орто мектебине, ошондой эле Өзгөрүш айылындагы Субан Собуров орто мектебине тапшырды.

Агартуучулар менен өткөрүлгөн жолугушууда депутат Русланбек Жакышов өлкөнүн келечеги жаштарды колунда экендигин белгиледи.

“Андыктан, келечек ээлерибиздин татыктуу жана сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүүбүз кажет”, – деди эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий