• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сынактын жыйынтыгында 6 көлмө жана суу тилкеси ээлерин тапты

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сынактын жыйынтыгында 6 көлмө жана суу тилкеси ээлерин тапкандыгын билдирет.

Маалыматка ылайык, сынак КР өкмөтүнүн “Кыргызстандагы табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө” токтомуна ылайык өткөрүлдү.

Жалпысынан 12 юридикалык жана жеке жактар сынакка катышуу үчүн арыздарын жана документтерин тапшырган.

Критерийлердин жана баалоонун негизинде, эң жогорку упай алган төмөнкү катышуучулар сынактын жеңүүчүлөрү болуп эсептелди:

1. Лот 500-3-1 – Катышуучу 1, (“Абер” ЖЧКсы) упайлардын саны 734;
2. Лот 500-3-2 – Катышуучу 1, (Бакытбек уулу А.) упайлардын саны 707;
3. Лот 500-3-3 - Катышуучу 1 (“Максимум Фиш ЖЧКсы”, “Грин Вижн Азия” ЖЧКсы) упайлардын саны 675;
4. Лот 505 – Катышуучу 1, (Токторалиев Д.Э.) упайлардын саны 699;
5. Лот 501 - Катышуучу 1, (“Алтай Корп” ЖЧКсы) упайлардын саны 737;
6. Лот 181 – Катышуучу 1, (Ишеналиев Н.) упайлардын саны 688.

Пикир

Оставить комментарий