• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы 437 окуучу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы эс алууну уюштурат

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы 2021-жылдын 3-июлунан 17-августуна чейин 437 мектеп окуучусу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы эс алууну уюштурат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, биринчи агым - 2021-жылдын 3-июлунан 12-июлуна чейин өткөрүлүп, анда 137 бала эс алат.

8 жаштан 14 жашка чейинки балдар Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан "Жалын" балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде он күн эс алышат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында «Жалын» балдардын ден соолукту чыңдоочу комплексине Билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун жана Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунунун кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн.

Балдардын тизмеси Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынан түзүлгөн райондук комиссиялар тарабынан түзүлдү. Жайкы эс алууга мектеп окуучулары, жетим, жарым жетим, майыптыгы барлардын балдары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бара алышат.

Жаш бишкектиктердин жайкы эс алуусу бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы балдарга жакшы эс алуу жана жагымдуу аба ырайын каалайт.

Пикир

Оставить комментарий