• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коронавируска ПЧР-тест тапшырууну каалагандардын узун кезеги байкалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/ Бишкекте COVID-19 коронавирустук инфекциясына ПЧР-тест тапшырууга кезекке турган жарандардын узун кезеги байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине окурмандардын бири билдирди.

Анын айтымында, эртең менен ал Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине ПЧР-тест тапшыруу үчүн барган.

“Мен ал жерге эртең мененки саат 9да бардым. Менин алдымда 350 киши кезекте туруптур”, - деди ал. Ошондой эле ал эки-үч күн мурда тууганы менен AquaLab жеке менчик лабораторияга баргандыгын, ал жерде дагы ушундай эле көрүнүш болгонун кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сутканын ичинде 6 миң 356 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, акыркы жумада Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны кескин өстү.

Пикир

Оставить комментарий