• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыркы маалыматтар: 930 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 13 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 29-июлга карата коронавирус дагы 930 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 528, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 142, Ош облусунда – 43, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 57, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 56 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 460 адам илдеттен сакайды", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 13 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 746 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 164 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 15 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 141 миң 499 киши айыгып чыкса, 2 миң 301 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий