• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында "Санитардык эрежени сакта, вакцина ал" аталышында флешмоб өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Санитардык эрежени сакта, вакцина ал" аталышында флешмоб өттү.

Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган флешмобго мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Алар борбордук базарда, коомдук тамактануучу жайларда, кызмат көрсөткөн тейлөөчү борборлордо жана коомдук транспорттордо жарандарга вакцина тууралуу атайын баракчаларды таратып, эмдөө тууралуу маалыматтарды беришти.

Эскерте кетсек, эмдөөнү шаарда жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунан өздүгүңүздү тактоочу документ (паспорт) менен барып, акысыз ала аласыз. Эгерде илдетке каршы эмдөөдөн өткөн адамда адаттан тыш белгилер болсо, дарыгерге кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий