• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарында мектептин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Талас шаарында Айылчиев атындагы №7 орто мектептин окуу корпусу пайдаланууга берилди.

Талас мэриясынан билдиришкендей, мектеп имаратынын курулушу “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган.

Жалпы аянты 852 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу окуу корпусу 250 окуучулук орунга ылайыкталып, 13 окуу бөлмөнү, мугалимдер бөлмөсүн, китепкананы, жуунучу бөлмөлөрдү камтыйт.

Эске салсак, 2022-жылы бирикме тарабынан Талас шаарында эки кабаттуу окуу корпусу жана 72 турак жайдан турган социалдык шаарча салынып, ишке берилген.

Айта кетсек, “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси республиканын аймагында жалпы эсебинде 16 билим берүү мекемелерин куруп, ишке берген.

Пикир

Оставить комментарий