• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Каракол» аэропортун ушул жылдын күзүндө ишке берүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. «Каракол» эл аралык аэропортун ушул жылдын күзүндө ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда «Каракол» эл аралык аэропортунда эл аралык талаптарга жооп бере турган аэробекет жана учуп-конуу тилкеси курулууда.

Аэропорт саякатчылар жана коноктор үчүн ыңгайлуу, заманбап дизайн, алдыңкы технологиялар менен жабдылган, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу эл аралык аэропорт болот.

Белгилей кетсек, «Каракол» эл аралык аэропорту 1971-жылы түптөлүп, 1978-жылы учуп-конуу тилкеси пайдаланууга берилген.

Аэропорт ЯК-40, Л-410, Ан-2, Ан-26, Ан-28 сыяктуу учактарды жана бардык типтеги тик учактарды үзгүлтүксүз кабыл ала алган. Андан бери бул аба майдан бир дагы жолу оңдоп-түзөө иштеринен өткөн эмес.

Аталган аэропорт акыркы чартердик каттамды 2018-жылы Дубай-Ташкент-Бишкек-Каракол багыты боюнча RJ үлгүсүндөгү бизнес класстагы учакты кабыл алган. Андан соң аэропорт ишин токтоткон.

2011-жылы 25-ноябрда өкмөттүн токтому менен «Каракол» аэропортуна «эл аралык аэропорт» макамы ыйгарылган.

Ал эми 2022-жылы 7-майда «Каракол» эл аралык аэропортун кайра жаңыдан курууга президент Садыр Жапаров мезгил кутучасын салып, курулуш иштерине старт берген.

Эскерте кетсек, аэропортту куруу иштери «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өз каражатынан каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий