• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында гидравликалык сыноо жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Оштогу жылуулук электр борбору тарабынан 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн 1-апрелден тарта гидравликалык сыноо жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыноолор 4 этап менен жүргүзүлөт.

Гидравликалык сыноонун графиги:

1-этап: (1-апрелден, 2-апрелге чейин) Курманжан датка, Ленин, Г.Айтиев, Алиев, Супаналиев, Амир-Тимур, Абдыкадыров көчөлөрү;

2-этап: (2-апрелден, 3-апрелге чейин) А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Кара-Суу, Өзгөн, Ы.Монуев, Ашимахунов, А.Навои, А.Шакиров, Ош (облустук аскер комиссариатынан Ош районуна чейин) көчөлөрү;

3-этап: (3-апрелден, 4-апрелге чейин) М-3 Ø700мм, Автотрестке чейин, У.Салиева, И.Раззаков, Касымбеков, Жим, Мир, Жаңы чек (Ош районунан жылуулук борборуна чейин) көчөлөрү;

4-этап: (4-апрелден, 5-апрелге чейин) ички иштер башкармалыгынын поликлиникасы, медициналык факультет, “Ош Электро” ААК, Ош райондук электр тармактары (Ош РЭС), юр. академия, “Барчын” профилактикалык санаториясы, “Мир семьи” поликлиникасы, М-2 Ø500мм.

"Жылуулук энергиясын пайдаланган керектөөчүлөр Ош жылуулук электр борборунун түтүкчөлөрүнө уланган жердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабууну, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңиздерди көзөмөлсүз калтырбоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Байланыш телефондору: 8-52-89, 8-52-52, 0556 085 252.

Пикир

Оставить комментарий