• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда облустук китепкананын окуу борбору жаңыланды

Аймак 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында Жалал-Абад шаарындагы облустук китепкананын окуу борбору жаңыланып, окурмандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Борборго атайын окуу үчүн эмеректер, электрондук такта жана 10 даана компьютер орнотулган. Бул иш демөөрчүлөрдүн жардамы менен жүзөгө ашкан.

Бүгүн борбор окурмандар үчүн эшигин ачып, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев, "Beeline Кыргызстан" компаниясынын Бишкектеги өкүлү Кражан Евгений, китепкана кызматкерлери жана студенттер катышты.

Окуу борборунда студенттер жана башка окурмандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, акысыз интернет тартылган. Мындан тышкары электрондук китепкана жана баарлашуучу аянттар орун алган.

Пикир

Оставить комментарий