• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы чек ара айылдарын кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы чек ара айылдарын кыдырды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милиция кызматкерлери Халмион айыл аймагынын чек арада жайгашкан Ынтымак, Өрүкзар, Чекелик, ошондой эле Алга айыл аймагынын 63 км алыстыктагы тоолуу Шыбыран айылына барып, эл менен жолукту.

Элет жеринде кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө максатында алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Милициянын көчмө кабылдамасы алыскы аймактарда жайгашкан жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чечүүгө чоң жардам берет. Бул аймакта жайгашкан жергиликтүү тургундардын негизги көйгөйү социалдык жактан болуп, балдардын жөлөк пул маселеси, сугат суунун жетишсиздиги боюнча кайрылуулар көп түштү.

Милициянын көчмө кабылдамасына катталган кайрылуулар жыйналып, тийиштүү мекеме-ишканаларга кат жолдонуп, өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий