• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын дарыясына чөгүп кеткен 50 жаштагы аялдын сөөгү табылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 424-чакырымындагы Нарын дарыясына 1969-жылкы И.А., аттуу аял чөгүп кеткен. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар саат 01:40та маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Издөө-куткаруу иштерине жалпысынан 11 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий