• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө эки унаа кагылышып, айдоочулар жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Буденовка айылынын Ленин көчөсүндө эки жеңил унаа кагылышкан.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык кечээ, 24-апрелде болжол менен саат 23:00 чамасында катталган. Анда “Ауди-А6” жана “Ауди-С4” унаа кагылышып, эки унаанын тең айдоочулары жабыркаган.

“КР ӨКМдин 27-аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий