• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы жылдык жомок. Бишкекте эң кооз троллейбус тандалды

Коом 0

Бишкек, 31.13.23./Кабар/. “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы троллейбустарды жаңы жылга карата креативдүү долбоорлоо боюнча жыл сайын өтүүчү сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулоо үчүн айдоочулар коомдук транспорттун салонунда өз колдору менен жаңы жылдык жомокту жасашты.

Сынактын жыйынтыгында №7 троллейбустук каттам мыкты деп табылса, 2-орунду №10 троллейбустук каттам ээлесе, 3-орунду №4 жана №7 троллейбустук каттамдар бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий