• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Кытайдан чыгып кеткен студенттерди кайра кайтып келбөөгө чакырышууда" – Пекинде окуган студент менен маек

Коом 0

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайда жаңы вирустун чыгышы дүйнөнү дүрбөлөңгө салды. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Бүгүнкү күндө аталган илдеттен каза болгондордун саны 106 адамга жетти. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Бүгүнкү күндө Кытайда 4 миңден ашык кыргыз жараны ар кайсы университеттерде билим алышууда. Вирустун очогу аталган Ухань шаарында 15 кыргыз жараны бар, алардын 14ү студенттер. Бүгүн, 28-январда Кыргызстанга Үрүмчү шаарынан 6 кыргыз жараны келгендигин Кыргызстандын өкмөтүнөн билдиришти.

Кыргызстандык Бекетай Артыкбаев Пекиндеги Тоо-кен жана технология университетинин 4-курсунун студенти. Артыкбаев "Кабар" агенттигине Кытайдагы абал жана ал жактагы кыргызстандыктар тууралуу кеп курду.

- Коронавирустун жайылышынан улам дүйнөлүк ЖМКлар байма-бай жаңылыктарды жазып жатат. Ал маалыматтар канчалык чындыкка жакын жана Пекинде абал кандай?

― Пекинде азыркы учурда абал туруктуу, эл дүрбөлөңгө түшпөй жашап жатышат. Коопсуздукту жергиликтүү элдер ошондой эле чет элдик жарандар да сактап жатат. Баары бет кап кийип, эл көп топтолгон жерден алыс болууга аракет кылып жатышат.

Ал эми ЖМКларда жазып жаткан дүкөндөр жабык, көчөлөр ээн калганы, ооруканаларда бейтаптардын саны жогору деген маалыматтарды түшүндүрүп кетсем, 24-январдан 31-январга чейин Кытайда Жаңы жыл майрамы майрамдалат. Бул күндөрү көптөгөн жерлердин эшиги кулпуланган. Жергиликтүү эл үйдө отурбастан өзүнүн кичи мекенине, тууган-жакындарына кетишет. Бул кадимки эле көрүнүш. Пекинде башка күндөргө салыштырмалуу эл аз болгонун байкоого болот. Элдердин аз болгону жаңы илдеттин тарашынан мурда Жаңы жылдын майрамдалып жатканы менен түшүндүрсө болот.

- Жаңы оору пайда болгондон бери бийлик кандай кадамдарды жасап келүүдө?

― Учурда Кытай өлкөсү бул маселеге өзгөчө көңүл бурууда жана коронавирустун жайылып кетпөөсү үчүн бардык аракеттерди жасап жатат. Маселен, Ухань шаарын жаап, курчоого алды. Бирок ал жердеги мекендештерибиз менен баарлашканда абал дүйнөлүк ЖМКлар жазып жаткандай коркунучтуу эместигин айткан. Уханда азык-түлүктөрдү дүкөндөрдөн сатып алса болорун билдиришти.

Бет каптын калбай калганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Ооба, алуучулар көп, ошол эле учурда сатып алганга жеткиликтүү.

Бүгүн Кытай өкмөтү эс алууну 2-февралга чейин узартканы белгилүү болду. Бардык ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, ыкчам байланыш линиялары иштөөдө. Илдеттин таралышына бөгөт коюу максатында өтө турчу иш-чаралар токтотулду.

- Ал эми окуу жай тарабынан оорунун жайылбашына кандай чаралар көрүлүп жатат? Башка дагы кыргыз студенттер менен байланышып жатасызбы?

― Бүгүн мага университеттен кышкы эс алуунун узартылышы тууралуу билдирүү келди. Университеттин жетекчилери Кытайдан чыгып кеткен студенттерди расмий билдирүү жибермейинче кайра кайтып келбөөгө чакырып жатат. Ошондой эле байланышты үзбөөгө чакырууда. Пекинде калган студенттер менен да байланышууда.

Биз менен (ред.: кыргыз жараны) Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги байланышып турууда. Биздин маалымат боюнча Пекинде 27 кыргыз студенти бар. Алар менен байланыш элчиликте жана менде да бар.

"Манас" аэропорту Кытайдын каттамдарын кабыл албайт деген маалымат бул жактагы кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө салды. Бирок андай чектөөлөр вирустан эмес, Кытайдагы майрамдан болуп жатканын жана Кытай тараптын демилгеси менен болгонун белгилеп кетсе болот. Өз кезегинде бардык каттамдар, Алматы, Новосибирск жана башка шаарлар аркылуу учуучу учактар кадимки иш тартибинде иштөөдө, жабылган учурлар болгон жок.

- Кытайдан өз өлкөлөрүнө кетейин деген студенттер тууралуу маалыматыңыз барбы?

― Ооба, кытайдан кетейин деген студенттер жок эмес. Алардын көпчүлүк бөлүгү бул жакта калып, күнүмдүк иштерин кылып жүрүшөт. Менимче ызы-чууга алдырганга себеп деле жок, анткени бардык ишканалар, дүкөндөр иштөөдө, бет каптар жетиштүү жана вирустун жайылышын токтотууга Кытайдын бийлиги ыкчам иштерди аткарып жатышат.

Жөн гана жеке гигиенаны сакташ керек, адам көп чогулган жерге барбаш керек жана коомдук жайларда бет кап кийиш керек.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бардык Кыргызстандыктарды тынчсызданууга эч кандай себеп жоктугун жана ар кандай жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырып кетким келет.

- Маегиңизге рахмат, сак болуңуз

Пикир

Оставить комментарий