• 88.68
  • 95
  • 0.95

Санитардык нормалар сакталбай жатат. Саламаттык сактоо министри коронавирустун көбөйүшү тууралуу

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде өлкөдө COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жаткандыгына токтолду.

Анын айтымында, оорунун көбөйүшү жаңы жылдык майрамдарга жана чектөөлөрдүн жоктугуна байланыштуу болууда.

“Көптөр массалык жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүп, конокторду чакырды”, - дейт министр.

Бейшеналиев белгилегендей, мындай кырдаалдын орун алышы мурда болжолдонгон жана көзөмөлгө алынган.

“Эгерде оору күч ала турган болсо, республиканын бардык аймактарында 3-4 айга жетишерлик дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттарынын запастары бар, ошондой эле орундуктар даярдалган”, - деп белгиледи саламаттык сактоо министри.

Пикир

Оставить комментарий