• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улан Ниязбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун текстти:

"Урматтуу Кыргызстандыктар! Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары жана ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан 23–февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм!

Ата Мекенди коргоочулар күнү элибиз үчүн салттуу жана кеңири белгиленип келген майрам болуп калды. Бул майрам татыктуу түрдө эрдиктин жана патриоттуулуктун символу болуп саналат. Биздин бир гана Ата Мекенибиз бар – Кыргызстан, ал баарыбыз үчүн ыйык, ошондон улам погон тагынган, колуна курал алып мекенибизди коргогондордун гана эмес, “Ата Мекен”, “Милдет”, “Намыс” деген сөздү ойлогон ар бир адамдын негизги майрамы. Бул өз өлкөсүнүн эр жүрөк, күчтүү, чыныгы патриотторунун майрамы деп эсептеймин.

Өлкөдөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу ар дайым мамлекеттик саясаттын маанилүү бир бөлүгү эсептелет. Ички иштер органдарын заманбап талаптар менен өнүктүрүүгө, элдин коопсуздук шарттарын жакшыртууга, санариптешкен ишмердүүлүк менен алдыга койгон максаттарга жетүүгө милиция кызматкерлери бардык күчүн жана тажрыйбасын жумшап “Коопсуз мамлекет” баскычына жетүүгө күжүрмөн аракеттерин жумшайт.

Ички иштер органдарынын өздүк курамы Кыргыз элинин алдында мыйзамга жана Антка, каада салттарга урмат кылуу менен өлкөбүздөгү биримдик, туруктуулук жана тынчтык үчүн алдыга коюлган милдеттерди ар-намыс менен аткара тургандыгына ишенемин. Бул биздин ыйык милдетибиз жана парзыбыз!

Өз Мекенин жан дилинен сүйүп, ага ак кызматын арноого багыт алган жаштарыбызды патриоттуулукка тарбиялоодо зор салым кошкон ардагерлер аталарабызга, агаларыбызга таазим кылабыз жана терең ыраазычылык билдиребиз.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий