• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз объекттерди алуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбордогу мыйзамсыз объекттерди алууну улантууда.

Маалыматка ылайык, бул жолу Патриса Лумумба көчөсүнөн №94 жана №98 үйлөрдүн жанындагы күркө түрүндөгү жеңил типтеги объект алынды. Ошондой эле түшүндүрүү иштеринен соң Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан гриль сатуучу соода түйүнү өз ыктыяры менен демонтаждалды. Балбан-Таймаш жаңы конушунда Патриса Лумумба көчөсүнүн жана Чоң Чүй Каналынын кесилишинде күркө алынды.

Андан тышкары, Манас көчөсүнүн жана ЧЧКнын кесилишинде күркө алынды, Чүй проспектисинде №75 үйдүн жанында күркө демонтаждалды. Манас проспектисинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №5 корпусунун жанындагы тосмо алынып, натыйжада 106 метр муниципалдык аймак бошотулду.

Бул багыттагы иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий