• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айрым аймактарда газ жок болот (тизме)

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, айрым райондордо жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгын билдирет.

Ага ылайык газ берүү төмөнкү даректерде жок болот;

- 8-9- октябрда Орто-Сай айылынын Лесхозный, Карбоз уулу, Иманалиев, Ормокеев, Рысмендеев көчөлөрүнүн аймагында;

- 9-10-октябрда Бишкек шаарынын Власов 57-95 көчөсүндө;

-10-11-октябрда Бишкек шаарынын Шукуров 81-89 көчөсүндө.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий