• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россияда кыргызстандыктардын 8,5 млн сом өлчөмүндөгү маяналары төлөнүп берилди

Коом 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Россияда кыргызстандыктардын 8,5 млн сом өлчөмүндөгү маяналары төлөнүп берилди. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 2022-жылдын күз айынан тарта миграция маселелери жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барууда.

Өкүлчүлүк тарабынан 2023-жылдын январь айынан апрелге чейин 2788 кыргыз жаранына Россиянын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча кеп-кеңештер берилген. 172 кайрылуу иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөгөн эмгек акы боюнча болгон. Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жардамы менен 99 жаранга 8,5 млн сом өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди.

Ошондой эле өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракат алган эки кыргызстандыкка 1 млн 50 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө жетишти.

Россиянын аймагындагы иш берүүчүлөр менен байланышты жөнгө салуунун алкагында Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча эмгек келишимдерди түзүү үчүн 1235 бош орун аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий