• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча сабак өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин 2021-жылдын 6-октябрындагы тескемесинин негизинде ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил бөлүмчөсүнүн башчысы А. Орозакунов жана башкы адис Д. Бердибеков тарабынан Бишкек ШИИББнын түзүмдүк бөлүктөрүндө мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздардын деңгээлине, сапатына жана сабаттуулугуна текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгында иш кагаздарында, имараттын көрнөк такталарында кетирилген кемчиликтер жеринде айтылып, аларды жоюуга атайын мөөнөттөр коюлган.

Жогоруда белгиленген иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Бишкек ШИИББнын түзүмдүк бөлүктөрүнө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү бапгытында атайын семинар-сабак өткөрүү боюнча Бишкек ШИИББнын жана ИИМдин Академиясынын тиешелүү адистерине протоколдук тапшырмалар берилип, 2021-жылдын 8-декабрында Бишкек ШИИББнын имаратында Октябрь, Свердлов, Ленин жана Биринчи май РИИБдердин өздүк курамына “ИИОдо иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” деген аталыштагы семинар-сабак өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага ИИМдин БШнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн начальниги А. Орозакунов, аталган бөлүмчөнүн башкы адиси Д. Бердибеков жана ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасынын профессору К. Шүкүров жана Бишкек ШИИББнын жетекчилиги катышты.

Семинардын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын жана ага караштуу РИИБдердин ишмердигинде иш кагаздарды талапка ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүүгө байланышкан көйгөйлөр талкууланып, текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Бул иш-чарада ИИОнун ишмердүүлүгүнө байланышкан кызматтык иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүгүртүүдөгү олуттуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн уюштуруу жана усулдук иштери колго алынып, мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана иш кагаздарды мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү багытында ар тараптуу иш-чаралар жүргүзүлүшү керек экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий