• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Бишкекжарык» шаарды жарыктандырууну улантууда

Коом 0

Бишкек, 16.03.21/ /Кабар/. «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын командасы тышкы жарыктандыруунун жаңы тармактарын куруу боюнча иштерин улантууда. Көптөгөн жылдардан бери жарыктандыруу орнотулбаган көчөлөргө, чолок көчөлөргө тышкы жарыктандырууну орнотууга өзгөчө көңүл бурулат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу жарык берүү топ борбор калаанын бардык райондорунда жарык орнотуу жана оңдоо иштерин жүргүзүштү.

Биринчи май районунун Профсоюз көчөсүндө П.Лумумба көчөсүнөн баштап Кайназаров көчөсүнө чейин 12 чырак жарык берип жатат.

Ленин районунун Омский тар көчөсүндө Матыев көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнө чейин 200 метр электр чубалгыларын тартып, 6 жарыкдиоддуу чырактар орнотулду.

Нехимов көчөсүнө Красная көчөсүнөн баштап Матыев көчөсүнө чейин чырактар күйгүзүлүп, 9 жарыкдиоддуу чырактар орнотулду.

Свердлов районунун тургундарына Токтогул көчөсүнө Горький көчөсүнөн баштап чыгышты көздөй чырактардын жана электр чубалгыларынын оңдоо иштери жүргүзүлүп, 8 жарыкдиоддуу чырактар орнотулду.

Мусоргский , Боталиев көчөлөрүндөгү чырактарды жана электр чубалгылары текшерилди.

Жарыктандыруу иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, эгерде сиздин көчөңүздө жарык өчүп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле билдирүүнү WhatsApp аркылуу жазсаңыз болот: 0777 902-115, 0702 805-756.

"Бишкекжарык"муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда дагы бар:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet

Пикир

Оставить комментарий