• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук унааларга атайын эскертме барактары чапталууда

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Бишкектеги 2 миңге жакын жүргүнчү ташыган транспортко айдоочулар үчүн жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камтыган атайын эскертме барактары таратылып чапталууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башкы максат жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу жана ага жол бербөө болуп саналат.

Кайгуул кызматынан билдирүүсүнө караганда, өткөн жылы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен жол кырсыгы эң көп катталаган. "Ошол себептүү кайгуул кызматкерлери бул багытта күчөтүлгөн тартипте алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүүдө. Бул менен гана чектелбестен, мектептердин айланасындагы окуучуларга жолдо жүрүүдө жол жээгиндеги атайын жөө жүргүнчүлөр үчүн жүрүүчү жолдордо жүрүүдө ,ошондой эле көрсөтүлгөн жөө өтмөктөрдөн өтүү керектиги эскертилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий