• 84.75
  • 102.96
  • 1.14

Жогорку Кеңештин эки депутаты ИИМге суракка чакырылды

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, депутаттар 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон иш боюнча күбө катары суракка чакырылды.

Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар 5-6-октябрь күндөрү митингге чыгышкан. Митинг массалык башаламандыкка жетип, 626 милиция кызматкери жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий