• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарынын мэри Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадров менен КР Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Бишкек шаарында боло турган калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктар талкууланды.

Борбор калаанын мэри ири иш-чарага даярдык көрүүгө муниципалитет жана райондук администрациялар жардам берип жатканын билдирди. Эл каттоо органдары жайлар жана керектүү оргтехника, байланыш каражаттары жана эмеректер менен камсыздалган, ошондой эле борбордун бардык райондорунда кадрларды кабыл алуу аяктады.

Эске салсак, 25-марттан 3-апрелге чейин республикада, анын ичинде борбордо Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий