• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москва районунда жаңы трансформаторлор орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Москва районуна жаңы алынып келинген трансформаторлор орнотулууда. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва РЭТинин электр куроочулары Александровка айылындагы №094 трансформатордук көмөкчордондо күч трансформаторун алмаштырышты.

"Акыркы жылдары калктын санынын өсүшү менен электр энергиясын керектөө да өсүп, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Москва РЭТинин электр куроочулары кубаттуулугу 400 кВА болгон күч трансформаторун кубаттуулугу 630 кВА болгон күч трансформаторуна алмаштырылды", - деп айтылат маалыматта.

Жакынкы күндөрү Беловодск, Кызыл-Туу, Петровка айылдарындагы күч трансформаторлору алмаштырылат.

Бул иштер Москва районунун тургундарын электр энергия менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Белгилей кетсек, күч трансформаторлору “КУЭТ” ААКнын эсебинен сатылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий