• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте төрт Үй-бүлөлүк медицина борборунда балдар бөлүмү ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-октябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк медицина борборундагы балдар амбулаториялык бөлүмүнүн ачылыш аземине катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, жаңы ачылган балдар бөлүмүндө педиатрлардан тышкары ЛОР, невропатолог, окулист сыяктуу дарыгерлер бейтаптарды кабыл ала башташты.

Министр эне менен баланын ден соолугу Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин, ал эми педиатриялык бөлүмдөрдүн ачылышы мамлекеттин балдардын ден соолугуна болгон камкордугунун көрсөткүчү экенин баса белгиледи.

Бейшеналиевдин айтымында, балдарды өз убагында, сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардам менен камсыздоо максатында Бишкек шаарынын төрт районунда ҮМБнын алдында балдардын амбулаториялык бөлүмдөрүн уюштуруу чечими кабыл алынган.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарында 4 балдар амбулаториясы уюштурулган: №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында: Киев көч., 154; № 1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында Фучик көч., 13; №4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Бөкөнбаев көч., 61; № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Тыныстанова көч., 1.

Суроолор боюнча ҮМБнын жетекчилерине кайрылсаңыздар болот.

• Тенизбаева Асель Тенизбаевна, №6 ҮМБнын директору, Октябрь району. Тел.: +996 555 928 392;

• Касымалиева Айнагул Касымалиевна, № 4 ҮМБнын директору, Свердлов району. Тел.: +996 555 951 459;

• Чарабаева Дамира Алтынбековна, №7 ҮМБнын директору, Биринчи Май району. Тел.: +996 550 151 528;

• Сатаев Чоро Болотбекович, Ленин району, №1 ҮМБнын директору. Тел.: +996 772 667 319.

Пикир

Оставить комментарий