• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын бардык аймактарына электр энергиясын керектөө чеги киргизилген – Улуттук энергохолдинг

Экономика 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. "Улуттук энергохолдинг" ишканасы керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Ишкананын расмий сайтында маалымдалгандай, жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү тынымсыз электр энергия жана жылуулук менен камсыздоо максатында жылына министрликтерге жана ведомстволорго, мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, энергетика компанияларына КР өкмөтүнүн токтому менен экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо, ошондой эле отун даярдоо, көмүр сатылуучу базаларды жана көмүр сатылуучу бекеттерди даярдоо, энергетикалык жабдууларды оңдоо-түзөө боюнча тапшырмаларды берет.

Токтогул суу сактагычындагы сууну жана топтолгон суунун болжолдуу өлчөмүн эсептөөнүн негизинде республиканын бардык аймактарына электр энергиясын керектөө чеги киргизилген.

Электр энергияны керектөө эсеби сакталса, энергетикалык жабдуулардын штаттык режимде иштөөсүнө, авариялык кырдаалдарды болтурбоого өбөлгө түзөт, энергетика тутумунун иштөөсүн камсыздайт.

2021-жылдын апрелинен сентябрына чейинки вегетация учурунда Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү акыркы төрт жылга салыштырмалуу өтө эле аз болгон. Ошондуктан электр энергияны Казакстандан, Өзбекстаданн жана Түркмөнстандан импорттоо жана алмашуу чаралары каралган. Бишкек шааранын турак-жайларына борборлоштурулган жылуулук ушул жылдын 5-октябрынан тарта бериле баштаган.

Энергетика тармагындагы ишти улантуу үчүн азыркы жылытуу мезгилинде эле эмес, кийинки мезгилде да электр энергиянын белгиленген ченемдерине сөзсүз баш ийүүнү талап кылат.

Апрель-октябрь айларында электр энергиянын керектөө чеги на 530 млн. кВтс же 10,4% ашып кеткен. Белгиленген ченемдерди сактабоо Токтогул суу сактагычын электр энергия иштеп чыга албай турган абалга жана аймактарга электр энергиянын керектелишин чектөөгөалып келет.

Республиканын экономика тармактарын жана калкты электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана ага чектөөлөрдү койбоо үчүн Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдүн бардык категориялары тарабынан электр энергияны керектөөнүн белгиленген жана уруксат берилген режимдерин сактоого багытталган тийиштүү чараларды кабыл алган. Мунун натыйжасында электр энергиянын бир күндүк керектелүү өсүшү сакталды жана керектөөчүлөр үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздалды.

Жер-жерлерде түзүлгөн кырдаал, электр энергияны үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу, имараттарды жылытуунун альтернативдүү түрүнө өтүү мүмкүндүгү тууралуу калкка маалымат берүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. "Улуттук энергохолдинг" ар бир керектөөчүнү электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу менен энергетика тутумунун ишенимдүү иштөөсүнө салым кошууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий