• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы 2023-жылы планды 3 млрд сомго ашык аткарды

Экономика 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 249 млрд 403,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

МСКдан билдиришкендей, белгиленген план 3 млрд сомго ашык аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу 41,3 млрд сомго көп жыйналды.

Чогулган каражаттардын жалпы суммасынын 185 млрд 16,5 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, 64 млрд 387,4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

"Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүшү максаттарга жетүүдө жана пландык көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылышында негизги ролду ойноду.

Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка санариптештирүү долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул жыйынтыктарга жетишүүдө салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салыктык кызматтарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да маанилүү салым болду.

Пикир

Оставить комментарий