• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кувейт кайрымдуулук фонду Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, район башчысы Жамалбек Ырсалиев да 150 муктаж үй-бүлөгө катуу отун (ар бирине 10 каптан көмүр) таратууга катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин тараптар эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулаган. Макулдашуулардын алкагында муктаж болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздоо боюнча планы ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий