• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы Кыргызстанда айыл чарба кооперативдеринин саны 216га өстү

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. 2023-жылы республика боюнча 216 айыл чарба кооперативдери жаңы түзүлүп жана токтоп тургандар жандандырылып айыл чарба өндүрүшүндө ишке кирди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө айыл чарба кооперативдерин түзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.

Кожогулов белгилегендей, 2023-жылга карата жалпы республика боюнча 694 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердиктерин жүргүзүшүүдө, анын ичинен: Чүй облусунда – 82; Ысык-Көл облусунда – 61; Ош облусунда – 93; Жалал-Абад облусунда – 240; Талас облусунда – 84; Нарын облусунда – 63; Баткен облусунда – 69, Бишкек шаарында – 2, бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 1,5 эсе жогору.

Пикир

Оставить комментарий