• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги долбоор статусу берилди — тизме

Өкмөт 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Кыргызстандагы үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги долбоор статусу берилди. Мындай чечим министрлер кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестицияларды долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өткөн.

Төмөнкүлөргө мамлекеттик маанидеги долбоор статусу берилди:

  • Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу” долбооруна;
  • “Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу” долбооруна;
  • “Кемин-Торугарт – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу” долбооруна;

Ага ылайык, жогорудагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар компаниялар кошумча нарк салыгынан, сатуу салыгынан, киреше салыгынан белгилүү мөөнөткө бошотулат жана мындан сырткары бир катар жеңилдиктер берилет. Мындай кадам менен долбоорлорду кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Министрлер кабенитинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү аркылуу инвестиция тартууну жогорулатууга болоорун белгиледи.

Ошондой эле, республиканын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, жумуш орундарынын түзүлүүсүнө, аймактарда өнөр жай жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берээрин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий