• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси түзүлдү - максаты жана милдети

Өкмөт 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемесин түзүү тууралуу токтомго кол койду.

Документке ылайык, Инвестицияларды тартуу министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси ишин жүргүзүүсү үчүн тиешелүү кызматтык жай бөлүп берүү маселесин караштыруу тапшырылды.

Долбоордук офистин максаты КР Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңештин (мындан ары – Байкоочу кеңеш) ишин уюштуруу жана төмөнкүлөргө консультациялык көмөктөшүү болуп саналат:

– санариптештирүү чөйрөсүн, санариптик трансформациялоону, Кыргыз Республикасында санариптик экономиканы түзүүнүн туруктуу механизмин түзүү жана өркүндөтүүгө;

– санариптештирүүнүн өтмө процесстерин калыптандырууга, турмуш-тиричиликтин бардык чөйрөлөрүндө жаңы технологиялык ыкмага өткөрүү процесстерине.

Долбоордук офистин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- атайын мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, коомдук карым-катыштарды жөнгө салуунун инновациялык ыкмаларын колдонуу, башкарууда жана кибер коопсуздукту камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдалануу боюнча сунуштарды даярдоо;

- санариптик өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү боюнча сунуштарды даярдоо;

- санариптештирүү процесстерин бирдиктүү башкарууну реформалоо жана санариптик өнүктүрүүгө бөлүнгөн эл аралык жардамдарды координациялоо боюнча сунуштарды даярдоо.

Долбоордук офистин функциялары:

1) санариптештирүү чөйрөсүндөгү улуттук долбоорлордун жана программалардын максаттарына жетүүнү жана ишке ашыруунун жүрүшүнө талдоо жүргүзүү жана баалоо, кийинчерээк аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо менен бирге.

2) даярдоо:

- Байкоочу кеңештин жыйындарын, Байкоочу кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жеткирүү;

- Байкоочу кеңеш үчүн Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, коомдук карым-катыштарды жөнгө салуунун инновациялык ыкмаларын колдонуу, башкарууда жана кибер коопсуздукту камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдалануу боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды;

3) колдонуудагы стратегиялык пландоо документтерин актуалдаштыруу жана санариптештирүү, санариптик трансформациялоо, Кыргыз Республикасында бирдиктүү санариптик платформа түзүү жаатында ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча талдоо жүргүзүүгө катышуу, кийинчерээк аларды жеткире иштеп чыгуу боюнча Байкоочу кеңешке сунуштарды киргизүү менен бирге;

4) Байкоочу кеңеш үчүн төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдоо:

- мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар акционердик коомдордун МТ-бюджеттерин бириктирүү, кийинчерээк аларды Байкоочу кеңешке кароого киргизүү менен бирге;

- Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо жаатындагы долбоорлордун түзүлүшүнө жана артыкчылыктуулугуна жараша;

5) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизүү:

- Кыргыз Республикасынын санариптик күн тартиби боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун негизги максаттуу көрсөткүчтөрү, жыйынтыктарга жетүүнүн индикаторлоруна иштеп чыгуу, Байкоочу кеңештин чечимдеринин (анын ичинде онлайн - инструментер) аткарылышына мониторинг жүргүзүү, келип чыккан маселелерди табууда жана оперативдүү чечим кабыл алууда тиешелүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды колдоо, тиешелүү рекомендацияларды иштеп чыгуу менен бирге;

- өзгөчө инновациялык экономикалык аймактарды – креативдүү экономика инновациялык парктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө (атайын) режимде иш жүргүзгөн технопарктарды түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо долбоорлорун, анын ичинде жөнгө салуучу аянтча тибиндеги долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, кийинчерээк аларды Байкоочу кеңешке кароого киргизүү менен бирге;

- Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын курамы боюнча;

6) өзгөчө инновациялык экономикалык аймактарды – креативдүү экономика инновациялык парктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө (атайын) режимде иш жүргүзгөн технопарктардын жетекчилери кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуу жана Байкоочу кеңешке кароого киргизүү;

7) Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформациялоо жаатындагы долбоорлордун топтомун башкаруу;

8) Байкоочу кеңешке Долбоордук офистин иши жөнүндө отчет берүү (квартал сайын);

9) Байкоочу кеңештин ишин уюштурууга байланышкан башка ыйгарым укуктарды мыйзамда белгиленген тартипте аткаруу.

Долбоордук офистин укуктары:

1) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суратууга жана алууга, мамлекеттик жана мыйзамдуу корголгон жашыруун сыр камтылган маалыматтан сырткары;

2) Долбоордук офис милдеттерине жана функцияларына ылайык иштеши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай булактардын финансы ресурстарын тартууга;

3) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдарды түзүүгө;

4) Байкоочу кеңешке Долбоордук офистин компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүү;

5) Долбоордук офистин компетенциясына кирген маселелер боюнча Байкоочу кеңеште маселелерди кароодо зарыл болгон аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды даярдоо;

6) конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, презентацияларды, изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү, эл аралык маалымат алмашууга катышуу;

7) Долбоордук офистин милдеттерине жана функцияларына ылайык кадрларды окутууну, тажрыйба алмашууну, такшалмаларды, тема боюнча кадрлардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;

8) санариптик долбоорлорду талкуулоо, алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу үчүн донорлор, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык, эксперттик жана бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды демилгелөө жана өткөрүү;

9) өзүнүн иши жөнүндө коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымат берүү;

10) Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун бардык долбоорлоруна карата төмөнкүлөр боюнча техникалык талаптарды түзүү үчүн сунуштарды киргизүү:

- системанын/подсистеманын платформасы жана архитектурасы (бирдиктүү санариптик платформанын);

- жабдуунун эсептөө комплекси;

- маалыматтарды сактоо системаларынын көлөмдөрү;

- операциялык системалар;

- иштеп чыгууда пайдаланылган программалоо тили;

- мамлекеттик маалымдамаларды жана классификаторлорду пайдалануу;

- башка подсистемалар менен өз ара аракеттенүүнүн интеграциялык механизмдери (бирдиктүү санариптик платформанын);

- жабдуунун тармактык жана канал түзүүчү комплекси;

- маалымат базаларынын башкаруу системалары;

- системаларды жана платформаларды кийинки колдоо (1-2-3 колдоо линиялары);

- автоматташтырылган жумушчу орунга карата талаптар (кардардын орундары);

- маалыматтык системалардын жана платформалардын кардардык бөлүгүнө карата талаптар;

- маалыматтык коопсуздук (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте);

- Кыргыз Республикасындагы санариптештирүү боюнча долбоорлорго товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекетик сатып алууларды жүргүзүүгө конкурстук документтердин топтому;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырат.

Долбоордук офисти финансылоо булагы болуп төмөнкүлөр саналат:

- гранттык каражаттар;

- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдары;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.

Пикир

Оставить комментарий