• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эгемендүүлүккө 30 жыл. Прагада кийизден жасалган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-августунда Прага шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчилиги, Чехиядагы кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү жана Австрия, Венгрия, Словакия, Германия, Ирландиядагы мекендештердин катышуусу менен КР эгемендигинин 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара ѳттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аземдин ачылышында КР элчиси Тѳлѳндү Макеев куттуктоо сөзү менен кайрылып, катышуучуларды жана конокторду бул маанилүү күн менен куттуктады.

Ошондой эле байыркы кыргыз элинин улуттук маданиятын жана кыргыз тилин сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, чет өлкөдө иштеп жана окуп жаткан мекендештерди эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

Ошону менен бирге, элчиликтин КРнын чет өлкөдө жашаган жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо алып барган иштери тууралуу маалымат берилди.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө А.Темирова, Н.Жумашүкүров, А.Акматалиева, Г.Бабаярова жана Д.Бектурсунов 2020-жылы пандемия учурунда кѳрсѳткѳн жардамы, коомдук иштердеги жигердүүлүгү жана мекендештердин ынтымагын чыңдоого кошкон салымы үчүн КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Мамытовдун атынан ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Майрам түрдүү маданий программа менен коштолду. Келген коноктордун назарына кыргыз элинин каада-салттары - баланы бешикке салуу ырымы жана анын мааниси жѳнүндѳ айтылды, тушоо кесүү, улуттук комузда күүлөр ойнотулуп, кара жорго бийи бийленди.

КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Чехия, Словакия жана Германиядан келген командалардын катышуусу менен футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, ал Прага шаарынын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Майрамдын өзгөчөлүгү бай ички жасалмасы менен айырмаланган кыргыздын боз үйү болду. Анын алдында улуттук сувенирлердин жана кийизден жасалган буюмдардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.

Маалымат үчүн: Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң көп мекендештерибиз Чехияда жашашат. Алар "Алыстагы жакының" деген ураан астында иштеген "Ала-Тоо" коомдук бирикмесин түзүштү. Чехия Венгрия, Словакия жана Словения менен бирге Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилигинин кошумча аккредитацияланган өлкөлөрүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий