• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда өткөн жылы 17 машина-трактордук станция уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстанда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү 17 машина-трактордук станция уюштурулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов билдирди.

Директордун айтымында, анын ичинен 3 МТС муниципалдык, 14ү жеке тараптарга таандык, бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 6 эсеге жогору.

"Ал эми өлкө боюнча МТСтердин саны 142ни түзөт, анын ичинен 53ү муниципалдык, 89у жеке менчик ишканасы болуп эсептелет, алардын карамагында 2 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. МТСтер республиканын аймагында чарбакерлерге талаачылык жумуштарын аткарууда сапаттуу жана кызмат акысынын жеткиликтүүлүгү менен чоң жардам көрсөтүшүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий