• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-июлунда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 21-июль күнү №02-34/518-Т жана №02-34/519-Т телефонограммалары чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.

Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий