• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Көк-Жар кичирайонунда ысык суу жана жылуулук берүү токтотулду. Себеби

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда Бишкектин Көк-Жар кичирайонунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук борбору” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өчүрүү пландан сырткары оңдоо иштерине байланыштуу. Оңдоо иштери 8:30да башталып, саат 17:00гө чейин уланат.

“№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 9а, 10, 11, 18 жана №148 менен №9 бала бакчада дагы ысык суу менен жылуулук берүү убактылуу токтотулат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий