• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте тамеки чегүүдөн баш таруу мектептери ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын эки районунда үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында тамекиден баш тартуу мектептери ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунда психиатр-нарколог дарыгерлер шейшемби жана жума күндөрү саат 13:00дөн 14:00гө чейин кабыл алат.

Мектептер төмөнкү даректер боюнча иштейт:

- №3 ҮМБ (№100 кабинет) дареги: Логвиненко, 30/1, (0312) 325232;
- №7 ҮМБ (№7 кабинет) дареги: Тоголок-Молдо көч., 3/1, (0312) 662044.

Свердлов районунда наркологиялык врач-психиатрлар шейшемби жана жума күндөрү саат 14:00дөн 15:00гө чейин жардам көрсөтүүгө даяр:

- №5 ҮМБ (№408 кабинет) дареги: Көлбаев көч., 42, (0312) 635123;
- №5 ҮМБ (мурдагы №9 ҮМБ №109 кабинет) дареги: Курманжан Датка көч. 109 а, (0312) 368830;
- №10 ҮМБ 10 Свободная көч.,9 (мурдагы №14 ҮМБ, №32кабинет), 678274.

Мектептердин иши никотинге көз карандылыкты жоюуга жана тамеки тартууга байланыштуу оорулардын санын азайтууга багытталган. Тамекини таштоону каалаган бейтаптарга консультациялык жана профилактикалык жардам көрсөтүлөт.

"Тамекини таштоо мектебинде" акысыз квалификациялуу жардам алууга жана көз карандылыктан биротоло арылууга болот.

Бишкек мэриясы тамекини таштоону, эркин дем алууну, көз карандылыктан жана көптөгөн оорулардын коркунуч факторунан арылууну каалагандардын баарын чакырат.

Пикир

Оставить комментарий