• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты реконструкцияланат

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте "Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоо маселеси боюнча көчмө жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров, Биринчи май районунун башчысы Улан Сарылбек уулу жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Анда инфраструктураны жакшыртуу, шаардыктар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоо максатында "Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо долбоорун баштоо талкууланды.

Бүгүнкү күндө реконструкциялоонун эскиздик долбоору "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат.

Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде "Ала-Тоо" аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы реконструкциялоого байланыштуу пайда болушу мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий