• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте күрөш боюнча U17 жана U23 Азия чемпионаты бир учурда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкекте эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U17 жана U23 Азия чемпионаты бир учурда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы эки чемпионат 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында өтөт.

“Бүгүн United World Wrestling (UWW) уюму Кыргызстандын күрөш федерациясы аталган Азия чемпионатынын уюштуруучусу экенин билдирген кат жолдоду. Чемпионатты Бишкекте өткөрүү боюнча чечимди Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти, UWW-Asia аткаруучу комитетинин мүчөсү Мелис Турганбаев, UWW-Asia президенти Даулет Турлыханов кабыл алган”, - деп айтылат маалыматта.

Эки жаш курактагы чемпионаттын бир учурда өтүшү Кыргызстанда биринчи жолу болууда.

Пикир

Оставить комментарий