• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл: Түп суусунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерди каптоодо

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Түп районунда Түп суусунун деңгээли көтөрүлүп айдоо жерлерди жана жайыттарды каптоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде аба ырайынын жогорулашына байланыштуу тоодогу карлар ээрип, Арал айылындагы Түп суунун деңгээли көтөрүлүп болжол менен 200-300м жээгин жеп кеткен. Турак үйлөргө коркүнүч жок.

Кырсык катталган жерге Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын МУАсы жана орун басары барды, ошондой эле №4 ЖТИден 1 жүктөгүч, суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылды.

"Тартылган техниканын жардамында дарыянын нугун буруу жана жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00до убактылуу токтотулган. 14-апрель күнү улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий