• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдүн эки айылында стимгранттын жардамы менен жети балдар аянтчасы курулган

Аймак 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Чүй облусунун Садовое жана Аламүдүн айылдарында республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен жети балдар аянтчасы курулган. Бул тууралуу Аламүдүн айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Белгиленгендей, эскирген балдар аянтчаларын жакшыртуу боюнча долбоордун баасы 4 млн 80 миң сомду түздү. Дем берүүчү гранттан 2 млн 580 миң сому каралса, калган 1,5 млн сому жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечими менен жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Аянтчаларды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп, тактап айтканда, аянтчалардын үстү толтурулуп даярдалды, бордюрлар, отургучтар, таштанды челектери орнотулду.

Ар бир аянтчада каруселдер, кумдуктар, селкинчектер бар жана оюн комплекстери жабдылган. Спорт менен машыккандар үчүн спорттук конструкциялар жана воркаут аянтчалары орнотулду.

Гранттык колдоонун жардамы менен балдардын физикалык өнүгүүсү жана активдүү эс алуусу үчүн шарттар түзүлүп, тургундар балдары менен сапаттуу сейилдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Пикир

Оставить комментарий