• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Ош облусунда 51 мобилдик топ 350 миңден ашык тургунду текшерип чыкты

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Ош облусунда 51 мобилдик топ 350 миңден ашык тургунду текшерип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-июлунан баштап 173 медицина кызматкеринен турган 51 мобилдик топ пневмония менен ооругандары аныктоо үчүн 81 миңге жакын кожолукту кыдырып чыкты. Жыйынтыгында 350 миң 926 жаран текшерүүдөн өтүп, 2 миң 500 адамдан илдет табылган. Алардын ичинен 800дөн ашыгы жакшы болуп, ооруканадан чыгарылган.

Ошто коронавирус менен ооругандардын саны 997 адамга жетти. Алардын ичинен ооруканада 74, үй изоляциясында 198 адам болсо, 689 жаран жакшы болуп, үйлөрүнө чыгарылган. Илдеттен 25 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий