• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды – милиция башка да жабыркагандарды издейт

Аймак 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда алдамчылыка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айында Ысык-Көл РИИБине Чоӊ-Сары-Ой айылынын 28 жаштагы тургуну К.Б. кайрылып, 2019-жылдын 24-сентябрында белгисиз адам анын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын 100 миӊ сомго баалап, 20 миӊ сом акчасын берип, калган сумманы 2 айдын ичинде берем деп, автоунаасын айдап кеткендигин жана ушул күнгө чейин акчасын төлөбөй жаткандыгы жөнүндө билдирген.

Ошондой эле, ушул эле айылдын 20 жаштагы тургуну А.Р. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 5-сентябрында белгисиз адам, анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен 3 титан дискасын жана 3000 сомун алып кеткендигин билдирген. Жалпы чыгым 18 миӊ сомду түзгөн.

Андан тышкары, Кара-Ой айылынын 52 жаштагы тургуну Д.Р милицияга кайрылып, 2019-жылдын 5-июлунда белгисиз адам, анын «ВАЗ-2105» үлгүсүндөгү автоунаасын 35 миӊ сомго баалап алып, акчасын бир айдын ичинде берем деп, ушул күнгө чейин бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган фактылар Ысык-Көл РИИБдин Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 204 (алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бир катар алдамчылык менен алектенген шектүү жаран кармалды. Кылмышка шектүү катары кармалган адам Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын К. уулу Мирбек аттуу тургуну болгон. Ал тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Ысык-Көл райондук соту тарабынан кылмышка шектүү жаранга карата «үй камагы» баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Милиция кызматкерлеринин билдирүүсүндө бул жарандын колунан, милицияга кайрылбаган башка адамдар да жабыркашы мүмкүн. Эгерде, кимдир бирөөлөр анын колунан жабыркаса төмөндөгү телефондорго 0709203087, 0709085530 же болбосо Ысык-Көл РИИБдин 102 кызматына кайрылышса болот.

Пикир

Оставить комментарий