• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто башаламан илинген көрнөк-жарнактар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы тарабынан Курманжан-Датка, Мамаджан, А. Навои жана А. Масалиев кең көчөлөрүндө иретсиз илинген көрнөк-жарнактарды мыйзамдын талабына ылайык келтирүү боюнча рейд жүргүзүлдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, рейддин алкагында мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактар алынып салынды.

Буга чейин жеке менчик ээлерине Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан эскертүүлөр берилип келген.

Пикир

Оставить комментарий